Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

23-ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Ормон хан 1852-жылдын 23-февралында Или суусунун башкы агымын ээлеп алган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 2003-жылы биринчи жолу 23-февраль «Мекен коргоочулардын күнү» деген аталыш менен белгиленди.

Токмок алдындагы салгылашта жеңилишинен Султан Кененсары баштаган казак колу катуу жеңилип, кыргыздардын ташы өйдөлөгөн. Казак уруулары буга чейин ээлеп алган жерлеринен сүрүлүп, ыңгайлуу учур келгенин илгиртпей туйган Ормон хан 1852-жылдын 23-февралында Или суусунун башкы агымын ээлеп алган. Жер талаш айынан эки калк ортосунда дагы бир калаба чыгып кетпесин деп ккооптонгон Батыш сибирь генерал-губернатору Г.Х.Гасфорд Россия империясынын тыш иштер министрлигиндеги Азия департаментине билдирүү жолдогон. Анын кабарлоосунда Ормон хандын Кененсарыга каршы күрөшкөн кааармандыгы, кыргыз-казак мамилеси толук чагылдырылат.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин айрым советтик майрамдар белгиленбей, расмий майрам күндөрүнө киргизилбей калган. Андай даталардын бири 23-февраль кызыл аскерлердин уюшулуш күнү болгон. Калк арасында бу күн аскерлердин, болбосо эркектердин майрамы катары кадыресе майрамдалып келди. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 2003-жылы биринчи жолу 23-февраль «Мекен коргоочулардын күнү» деген аталыш менен белгиленди.

Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев, Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Курманбек Бакиев төрт саясий партиянын башы бириккен «Элдик конгресске» кошулууга соңку алты ай аралыганда аракет жасап келет деп, 2004-жылдын 23-февралында билдирди. «Элдик конгресс» ага саясий бирикменин прогаммасын кабыл алып, адилетсиз соттолгон «Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Куловду саясий туткун экендигин таанып, коомчулукка ачык жарыялоосун талап кылган. Өмүрбек Текебаевдин айтымында К. Бакиев талаптарды аткарбагандыктан «Элдик конгресс катарына кабыл алынган эмес.

Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкердиги токтотулган Арслан Малиевдин тарапташтары 2005-жылдын 23-февралында Тоң районунун мамлекеттик администрация мекемесин ээлеп алышты. Алар А. Малиевдин талапкердик укугу калыбына келтирилишин, Тоң районунун акими Нурбек Алиев менен райондук соттун төрайымы Светлана Касырбекованын кызматынан кетишин талап кылышты.

Айтылуу колбашчы Эмир Тимур 1376-жылдын 23-февралында Кыргызстан аймагында орун алган моголдорго каршы кол кураган. Кол башына эмирзаада Жахангирди коюп, өзү болсо алардын аркасынан аттанган.

Бу күнү, 1903-жылы чех жазуучусу, антифашист Юлиус Фучик, 1929-жылы Акбар Токтакунов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG