Экс премьер-министр Феликс Кулов аскер комиссариаттарындагы коррупцияга кызыккандан кийин алты кылмыш иши ачылган. 2006-жылы аскер комиссариаттарында эки кылмыш иши ачылып, Токтогул, Ысыката, Кызылкыя, Карасуу райондорунун аскер комиссарлары иштен бошотулган. Буга төмөнкү окуя жакшы далил. Бишкек шаарында жайгашкан №7702 аскер бөлүгүнүн жоокерлери Бекмырза Асанов жана Азамат Турсунбеков бир ай кызмат өтөгөндөн кийин эле кышка чейин Москва районунун тургуну Аюп Юсуповдун малын багып, үй оокатын жасоого мажбур болушкан. Мындай кызмат өтөө бөлүктүн офицери Алим Толгобаевдин буйругу менен болгон.
-Майда келип, кичине служба кылгандан кийин эле биякка айдап жиберди. Званиямды старшина кылып берем деп алдаган. Жаткан жерибиз болсо вагон. Плитка жок. Бир кичинекей төшөктү экөөбүз жамынып жатабыз. Эрте менен бет жуубайсың. Бет жууй элегиме, калп айтпайын, эки базардан ашык болуп кетти,- дейт Бекмырза Асанов.
Белгилеп койчу нерсе, бул чыр боюнча сот чечими али чыга элек.
“Жоокер энелери” коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн баамында, аскер комиссариаттарындагы коррупциянын өзөгү турмуш көйгөйүндө. Анткени, ата-энелер армиядагы уставга жат мамилелерден жүрөгү үшүп, балдарын аскерге жибербөөнүн амалын издешет. Ал үчүн аскер комиссариаттарынын кызматкерлерине 200 дөн 500 долларга чейин акча же мал берип аскерден калтырышат. Мындан тышкары колунда барлардын балдары аскерге такыр эле барышпайт. Бишкек шаарындагы Биринчи май аскер комиссариатынын экинчи бөлүмүнүн жооптуу аткаруучусу Кеңешбеk Акылбековдун айтымында, колунда бар адамдар балдары жогорку окуу жайында окугандыктан, алар ошол жактан эле аскер кафедрасынан окуп, аскердик кызматтан кутулуп кетишет.
Анткен менен Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин бөлүм башчысы Улукбек Кармышаковдун айтымында куралдуу күчтөрдөн коррупция боюнча бир дагы арыз түшкөн эмес:
-Бүгүнкү күнгө чейин коргоо министирлигинен бир да арыз түшө элек. Чын-чынына келгенде 24-марттагы ынкылапка чейинки иштеп жаткан Коргоо министрлигинде көп коррупциялык көрүнүштөргө жол берилип келген.
Кыргыз армиясында кызмат өтөө мөөнөтү бир жылга кыскаргандан бери мындай көрүнүштөр басаңдады. Бирок армиядагы бири-бирине улуусунуу, жердешчилик жана орус тилин билбегендиктен келип чыккан карама-каршылыктар жоюла элек.
Мурдагы жоокер Музаффар Саипов ооруканага армиядагы ур-токмоктун айынан сүйлөбөй калган абалында келген. Азыр Музаффар Саипов кайра сөзгө келген, бирок армиянын азыркы турушунда ал жакка барбай эле койгон жакшы деген пикирге келген:
-Биздин аскерди түп тамырынан реформалоо зарыл. “Дедовщина” дагы эле көп. Армияда кызмат өтөгөндөрдүн баарына белгилүү болгондой “шарик” – бетке чабуу, “космос” – кекиртекке чабуу, “бугу” – колуңуз менен башыңызды тосуп турасыз, сизди берцылар менен тебишет, жана башка ойго келбек мыкаачы ыкмалар жок боло элек. Денеңиз көгала болбойт, бирок ооруп каласыз. Менин окуяма токтолсом, бизге жаңы өтүктөр (берцылар) берилген. Ал өтүктөрдү прапорщик Талипов алып койгон. Жыртык өтүктөрдү берип, суукта бир жумадай ошондой өтүкчөн жүрүп калдык. Ошондон кийин ооруканага жеткрилгем,- деди Музаффар Саипов.
Аскердин эң башкы милдети – мекенди коргоо. Алатоолуктардын армиясынын Ата журтту коргоп калышка кудурети жетеби?
Коргоо министри Исмаил Исаковдун айтымында качан гана ок-дары болуп, күйүүчү майы берилип турса, жоокерлердин кийимдери, жаткан жана жууна турган жерлери жакшына болсо, ошондо гана жоокер ар-намыс, патриоттуулук, мекен жана милдет жөнүндө ойлоно баштайт.
-Бирок армиядагы чоң өзгөрүүлөр жакшы мыйзамдарды кабыл алмайынча болбойт. Мен депутат болуп жүргөнүмдө кимде ким аскерде кызмат өтөбөсө, ал губернатор же министр боло албайт деген сунуш киргиздим эле. Депутаттар четке кагып коюшкан. Эгерде ушул сунушум кабыл алынып калганда, армиянын аброю мынчалык түшмөк эмес,-- деди Исмаил Исаков.
Ошону менен бирге эле коргоо министри жоокерлерди бүгүнкү майрам менен куттуктап кетти:
-Жоокерлерге мен эң биринчиден денсоолук каалайм. Биз элибизге, жерибизге так кызмат кылышыбыз керек. Ошондуктан бардык аракеттерди жасап, биздин армия керектүү армия, биздин армия Кыргызстанды коргой алат деген деңгээлге бирге чыгышыбыз керек!
Министрге берилген суроого коомдогу түрдүү катмарлардын өкүлдөрү мындайча жооп беришти.
Урмат Кубанычбек уулу, студент: -21-кылымда мамлекттердин геосаясаты өзгөргөн, мурункудай болуп мамлекеттер өз ара мейкин талаага чыгып согушпайт.Менин пикиримде саны бар, бирок сапаты жок армияны жок кылып, анын ордуна профессионалдуу армия келиши керек. Мисалга алсак, жакында эле 2006-жылы майда болгон окуяны алып карайлы. 15ке жакын бандиттер алты кыргыз жоокерин оңой эле жок кылып коюшту. Демек кыргыз аскерлери профессионалдуу эмес.
Улан Кармышев:-2004-жылы АКШ баскынчылык саясатын баштап, Ирак мамлектин басып алды. Согуш цивилизациялуу дүйнөдө деле жүрө берет экен. Кудай сактасын, бирок согуш чыгып кетсе, профессионалдуу аз сандагы жоокерлер бизди коргой алабы?
Адыл, мугалим:-Бир жылдын ичинде патриотуулукка тарбиялоо өтө оор. Патриоттуулук мектептен башталышы керек деп ойлойм. Бирок азыр мектептеги аскерге чейинки даярдык(АЧД) абдан жаман деңгээлде өтүп жатат. Мугалимдер айлыктын азынан келишпейт. Аскер кызматкерлерин мугалимдикке да тарбиялашса жакшы болот эле. Ашып кетсе бир же эки ай кетет.
Каныбек Искаков, полковник:-Аскердеги патриоттуулук духтун төмөндүгү жлгыз эле аскерде төмөн эмес. Армияга жигиттер кайдан келип жатышат? Албетте коомдон.Мекенди сүйүү үйбүлөдөн, мектептен башталат. Анан дагы бул – мамлекеттик деңгээлге көтөрө турган маселе.
Баса, “Азаттык+” жаштар телепрограммасынын кезектеги чыгарылышы мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарга арналат. Көрсөтүүнү 26-февраль дүйшөмбү күнү кечки саат 8.35 те мамлекеттик телеканалдан көрө аласыз. Программага катышкысы келгендерге биздин эшик ар дайым ачык. Телефон номурларыбыз (0612) 90 15 41, ал эми электрондук дарегибиз azattykplus@bureaumail.rferl.org.