Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

ЫСЫККӨЛДӨГҮ ЧОҢ ЖЫЙЫН БИЙЛИКТИ СЫНГА АЛДЫ


Рита Борбукеева, Каракол 24-февралда Ысыккөл облусунда өткөн «Ата мекен” партиясынын жыйынында өлкөнүн кризисте турганы талкууланып, ага президент баш болгон бийлик төбөлдөрү күнөлүү экендиги айтылды.

“Ата мекен” партиясынын Ысыккөл облустук уюму кеңири коомчулукту чогултуп, облустагы көйгөйлөрдү Жогорку Кеңештин депутаттары жана “Ата мекен” партиясынын лидерлери менен талкуулады.

Бул жолугушууга “Ата мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Султан Урманаев, партиянын Ысыккөл облусу боюнча координатору, Жогорку Кеңештин төрага орун басары Эркин Алымбеков, ишкер Өмүрбек Абдырахманов жана башка коомдук ишмерлер келди.

Чогулган элге адегенде Өмүрбек Текебаев чыгып, Жогорку Кеңештин төрагалыгынан Бакиев менен Кулов кандай ыкма менен кетиргенин чечмелеп берип, оппозициядагыларга бүгүнкү күндө бийлик кысым көрсөтүп жатканына токтолду:

- Булар мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти басып алды деп айыптап, камайбыз деп жатышат. Алардын камаганга акысы барбы. Жок. Эгерде камаганга акысы болсо Жалалабаттагы облустук администрцияны басып алган ыраматылык Жусуп Бакиевди революциянын атасы деп ага эстелик коюп, Пушкин атындагы мектепти Жаныш Бакиев атындагы мектеп деп, көчөлөргө аттарды берип, республикада фонддорду түзүп жатат. Эмне үчүн бийлик аталган бир адамды көкөлөтүп мактайт дагы, басып алат имиш деп шек санаган адамдарды камайбыз дейт. Көрдүңүзбү бийликтин алсыздыгы.

Анын сөзүн депутат Болот Шерниязов улап, “Кумтөр”, “Жерүй” алтын кендеринен түшкөн акчалар дагы деле бийликтин чөнтөгүнө эсептелип жатканын жана президент эл ишеничин актай албай калганын билдирди:

- Биз алардын туугандарын шайлаган эмеспиз. Биз Бакиевге добуш бердик бирок, алардын бир туугандарынын балдарына добуш берген эмеспиз, кыргыз элин башкар деп. Бир үй-бүлөнүн башкаруусуна өтүп жатабыз.

Ишкер Өмүрбек Абдырахманов болсо, Максим Бакиевдин ишмердүүлүгү мыйзамдаштырылбай келе жатканын айтты:

- Максим Бакиев инвестициядан 25 миллион доллар алганы менен андан Кыргызстанга тиешелүү төлөм акылары түшпөйт. Биз коррупцияланган мындай бийлик менен каршыбыз.

“Ата мекен” партиясынын лидерлери өлкөнүн кризисте турганын ал үчүн жаңы башкаруу ыкмасы зарыл экендигин көпчүлүккө чечмеледи.

Түп, Аксуу, Жетиөгүз райондорунан чогулган миңге жакын эл Каракол шаарында бир гана акимчиликтин айланасындагы жол асфальтталып, калганы каралбай калганын, жумушсуздук, коррупция күчөгөнүн белгилешти.

Турсунаалы аттуу аксакал президентти шайлаган силерсиңер деп депутаттарга кайра суроо койду:

- Депутаттар, муну кайдан таап алып президент кылып шайлап койдуңар мен билбейм. Мындай абалдан кантип чыгабыз. Айткылачы, депутаттар, - дейт Турсунаалы аксакал.

Президентти качан кетиресиңер деген ушундай көптөгөн суроолорго так жооп айтылган жок.

Депутат Султан Урманаев Кыргызстан, Кытай мамлекетинин ишкердигин өнүктүрүү филиалына айланып бара жатканын белгилеп, өлкөнү коррупциядан, кризистен куткарып чыгууга ата мекенчилердин аракети күч экендигин белгиледи.

Социалисттик “Ата мекен” партиясынын Ысыккөл облусунун координатору Эркин Алымбеков шашылыш сыртка чыгып кетип, кайра келди дагы бул жыйынга катышкан жердештерине сак болуусун өтүнүп, коопсуздук кызматы менен губернатор имаратты бошоткула деген талап койгонун айтты:

- Эгер мыйзам ченемдүү иш кылып жатканда куугунтуктар көрсөтүлө турган болсо, биз өзүбүздүн парламенттин атынан чарабызды колдонобуз.

Бирок, жергиликтүү бийликтен мындай кысым болгону туурасында биз аларга кайрылганыбызда, алардан жооп болгон жок.

Ошентип, “Ата мекен” партиясынын Ысыккөл облустук уюмунун экинчи ачык конференциясы көпчүлүктүн добушу менен өлкөнү системалык комплекстти башкаруу, туура эмес тендерге коюлган кен байлыктар боюнча өкмөттүн чечимдерин жокко чыгаруу өңдүү бир топ кайрылууларды кабыл алып, аны президентке, өкмөткө жана парламентке жолдошту.

XS
SM
MD
LG