Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:15

БАЙЫМБЕТ МУРАТАЛИЕВ: ЖЕРҮЙДӨ ЧЕЧИЛБЕЙ ТУРГАН МАСЕЛЕ ЖОК


Таласта Жерүй алтын кенине кеткен жолду тосуу акциясы уланууда. Таластын Бекмолдо айылынын тургундары кенге барчу жолго үч боз үй тигип, 10 күндөй убакыттан бери эч кимди өткөрбөй турушат. Алар алгач кенди иштетүүгө лицензия алган компания тарабынан буга чейин берилген убадаларынын аткарылышын талап кылса, кийинчерээк кенди биротоло жабуу талабын коё башташкан. Митингчилер менен өткөн аптада облус губернатору Байымбет Мураталиев жолуккан эле. Бирок облус губернаторунунун берген маалыматтары жол тоскондордун айтымында аларды канаттандыра алган жок. Губернатордун өзү “Азаттык” менен түз байланышка чыгып, Жерүй алтын кениндеги соңку кырдаалды баяндады.

- Башка бирөө эмес, азыркы премьер-министр Азим Исабеков өткөн аптада Жогорку Кеңеште бюджет боюнча талкуулардын учурунда “Жерүй” кенин иштетип жаткан “Глобал голд” деген австриялык компания алган милдеттемелеринин бирин да буга чейин аткара электигин айтты. Өкмөт “Жерүйдү” иштетүүгө ошол компанияга артыкчылык берген токтомду былтыр майда чыгарган эле. Ошондон бери ““Глобал голд” компаниясы чыныгы инвестор экенин көргөзө алдыбы?

- Азим Исабеков Жогорку Кеңеште айтканын мен укпаптырмын. Ал кандай маалыматка таянып айканын мен билбейт экемин. Бүгүнкү күнү азыркы келип иштеп аткан “Жерүй алтын” деген компания “Глобал голд” менен “Кыргыз алтындын” ортосунда түзүлгөн. Булар бүгүнкү күндө графиктин негизинде ишти алып барып жатышат. Бул жерде жол тосуулардын чыгып жатышы элдин муктаждыктары менен байланыштуу. Биринчиден, жумуш орду аз, компания иштегенден бери көп адамды иштете турган деңгээлге жете элек. Бүгүн 300дүн тегерегиндеги адам иштеп атат. Бекмолдо айыл өкмөтүнөн 248 адам иштеп атат. Албетте, бул жерден “Жерүй” компаниянын адистери элге туура түшүндүрө алган эмес. Ишке алуу боюнча справканы булар илип коюшкан. Келишимде бар, чет мамлекеттик компанияда 80 пайызы облустан, анын ичинде 60 пайызы Талас районунан, 70 пайызы айыл өкмөтүнөн адамдар иштеши керек деп каралган. Салыштыра келгенде бул нерсе элди канаттандырган эмес. Ошону элге жакшынакай кылып түшүндүрүп берип койсо болмок. Булар кайдыгерлик мамиле жасап койгон.

- Облустун өнүгүүсү үчүн каралган каражат азырынча түшө элекпи?

- Келишимде 60 пайыз коммерциялык уюм болгондон кийин түшөт дегени бар. Бул боюнча чоң комиссия бар, ошол чечиши керек. Бирок Бекмолдо айылынын койгон талаптарын компания менен сүйлөшүп, чечип, бир келишимге келип калдык.

- Азыр нааразылык акциясы токточудай түрү барбы. Аны токтотуш үчүн сиз кандай сунуштар менен чыгып жатасыз?

- Буюрса токтойт. Билесиздер, экинчи күнү эле келип мен актив, депутаттары менен жолуктум. Бир келишимге келип биз менен болгон сөздү айылдагы элге жеткиришти. Элдин бары түшүнбөйт деп айтуу туура эмес. Эл түшүнөт. Бул акция буюрса 1-2 күндүн ичинде токтойт. Ал жерде чечилбей турган маселе жок.

- Демек, сиздин пикирде нааразылык акциясынын келип чыгышы “Жерүйдү” иштетүүчү компания менен элдин ортосундагы түшүнбөстүкпү?

- Түшүнбөстүк, муну элге түшүндүрүп койсо болмок. Ал жерде айтып атышат, “бизге түшүндүрүп айтып койсо болмок, бизди тоготпогонсугандан биз ушуга бардык” деп. Ал күндөр дем алыш күндөргө туура келип калган, компаниялардын жетекчилери, айыл өкмөттөр түшүндүрүп айтышса болмок. Ошолордун кайдыгерлигинен чыккан маселе деп айтсак болот.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG