Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:05

18:03 Ысыккөл районунун активи айрым жетекчилерди жумуштан кетирүү жөнүндө маселе коюуда


Айрыкча көлгө жакын айылдардагы жеке үй курам дегендерге жер участогу берилбегендиктен үч жылдан бери социалдык абал чыңалып турганын белгилеген Ысыккөл районунун акиминин орунбасары Замир Моңолдоров буга архитектор Асанкары Акматовду күнөөлөдү. Көл жээкке жакын кан сарайларды курууга уруксат берип аткан райондук курулуш башкармасы Керимбек Баетовду да кызматтан кетирүү сунуштары түштү. Ал эми аппарат башчысы Исаев райондук соттун төрага орунбасары Токтомамбетов мыйзамсыз конок үй куруп, тиешелүү салыктарды төлөбөй келатканын белгилеп, аны тескөө органдарына милдеттендирди. Аким Турусбек Мансуров айтылган жер маселеси 31-мартта чечилбесе архитекторду бул аймакка иштетпөө боюнча өкмөткө кайрыларын ырастады. (RN)

XS
SM
MD
LG