Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

ТОКТОГУЛ КАКЧЕКЕЕВ: КУЛОВДУН БИЛДИРҮҮСҮ БАШКЫ ПРОКУРАТУРАНЫН КӨҢҮЛ СЫРТЫНДА КАЛБАЙТ


Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов бийликтин бийик мунарасында орун алган коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө билген маалыматтарын четинен ачыкка чыгара баштады. Маселен, ал кечээ азыркы биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов кезинде парламенттен бекиши үчүн 300 миң доллар бергенин айтып чыкты. Бул тууралуу ал “Дело№” гезитине жарыяланган интервьюсунда билдирген. Албетте, адаттагыдай эле бул билдирүү коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты. Бул окуя боюнчп “Азаттык” айрым суроолорду Башкы прокуратуранын маалымат катчысы, саясат таануучу Токтогул Какчакеевге жолдоду.

- Оболу сизге Башкы прокуратуранын өкүлү катары суроо. Куловдун кечээги интервьюда айткандарын окугандырсыз, кандай дейсиз бул олуттуу билдирүүбү? Мындай маалыматка Башкы прокуратуранын кандайдыр бир реакция билдирүү укугу барбы?

- Бул суроону эки тараптуу айтсак болот. Бир жагынан бүгүнкү күндө Кулов бириккен оппозициянын башчысы болгондон кийин бул киши өзүнүн билген кыйкымдуу маселелерди көтөрүүгө аракет кылып атат. Экинчи жагынан, бул маселени 24-марттан кийин биздин президентибиз Курманбек Бакиев коррупция кыргыз элинин өнүгүүсүнө душман жана аны менен аёсуз күрөшүш керек деген маселени бүткүл мамлекеттик органдарга койгон. Ошондуктан, бүгүнкү күндө Феликс мырза ушул концепцияны, ушул саясатты ортого салып, муну майданга айлантууга аракет кылды деп түшүнсөк болот. Эгер коррупцияга каршы күрөшсөңүз, анда жаныңыздагы адамдар ким экен дегендей шекилдүү ой менен айткан деп эсептесек болот. Бирок муну аныкташ керек. Экинчи жагынан, бул мамлекеттик кызматында иштеген адам болобу, оппозициячыл адам болобу, же бей өкмөт уюмунун өкүлү болобу, эгер адам кылмыш катарында турган маалыматты аныктаса аны прокурор кызматкерлери аныктап, текшерип элге жооп кайтарыш керек. Айта кетишим керек, мурун да ушул сөздү айттым эле. Камбаралы Конгантиев Башкы прокуратураны башкара баштагандан баштап, гезиттерде, радиодо кандай маалымат чыкпасын өтө кылдаттык менен, мыйзам ченемдүү жолунда текшерүүгө, элге айтып берүүгө шарт түзүп атат. Мен ойлойм башкы прокурор буга көңүл бурат деп.

- Сизге саясат таануучу катары дагы бир суроо. Мисалы, Куловдун айткандары чын эмес деп коёлу, анда Үсөнов мырза үчүн өз репутациясын коргоонун жолу сот элеби, же отставкага кетүүбү?

- Бул жерде ар кандай түшүнүктөр боло берет. Эгерде чын-чынына келгенде бир командада булар иштеп турган, ошондо Кулов менен Үсөнов чогуу иштегендиктен булар бири бирин жакшы таанышышы керек, бири бири менен кандайдыр сырлашышы керек. Адамда ар кандай сырлар, сөздөр болот. Мен ойлоп атам, бул ишеним түрүндө айтылган сөз болуп, муну сыртка чыгарса, анда Куловдун аброю кандай экенинен шектене баштайбыз. Анткени, бул сырды дайыма сакташ керек кандай болбосун. Турмушта ар кандай боло берет. Бирок Кулов мырза муну айткандан кийин Үсөнов мырза өзүнүн Конституциялык укугу - сотко береби же жарнак берип элге чыгабы, жолу ачылып турат. Кандай сөз айтса ал кишилердин эрки.

- Маегиңизге ырахмат.


Маектешкен Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG