Ага чейин эки тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Марина Иванованын коргоочусу Галина Скрипкина жана Aircraft Petrol Management компаниясынын өкүлү Саламат Нурмамбетовалар маалымдашты. Азырынынча доо канча акчага бааланары да белгисиз бойдон калууда. Айрым маалыматтарга караганда, Александр Иванов “Манас” авиабазасында кызматтык милдеттерин аткарып жүргөндө АКШнын аскердик аба күчтөрүнүн кызматкери Закари Хэтфилд тарабынан 2006-жылдын 6-декабрында атып өлтүрүлгөн.(JTo)