Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

ЧЕЧЕНСТАНДА РАМЗАН КАДЫРОВ ПРЕЗИДЕНТТИК КЫЗМАТКА БЕКИДИ


Муса Мураталиев, Москва 2-мартта Чеченстандын парламенти жумурияттын жетекчилигине Рамзан Кадыровду бекитти. Кичи Кадыровду ал орунга талапкер катары Орусиянын президенти Владимир Путин сунуштаган. Жакында мурда шайланган Чеченстандын президенти Алу Алханов кызматынан кеткен эле. Адам укугун коргоочулар дайыма Рамзан Кадыровду адам укугунун тебелешине жол берет деп сындап келишет. Эки күн мурда Грозныйда Европалык кеңештин адам укугу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Томас Хаммарберг, президенттин милдетин аткарып аткан Кадыров менен жолугушуу үстүндө Чеченстанда бүтпөгөн жорук – кишилерди кыйноо адаты деп эскерткен.

Чеченстанда президенттик орунду Кадыровду бейшембиде Орусиянын президенти Владимир Путин Чеченстан парламентине президенттик орунга бекитүү сунушун киргизгенден соң эле сырттан байкоочулар маселенин чечилиши деп эсептешкен.

Орусиялык саясий анализчилер болсо «Чеченстанда 2005-жылы ноябрь айында шайланган парламенттин ошондон бери жасаган аркети Ахмат Кадыровдун ордун анын балсына алып берүү болуп келе жаткан, ошол себептен аны колдоо сөзсүз болот», - деп келатышкан.

Чеченстан жумурияттык Кеңешинин 18 депутаты жана Элдик жыйынын 40 депутаты бирге өткөргөн отурумда жаңы президентти бекитишкен.

«Время новостей»: "Орусиянын жаңы тарыхында аймактык жетекчинин ордунун - атадан балага берүүсү болду", - деп жазат.

Бирок бийликке Кадыровду алып келген Кремлдин кийин өкүнүчтө каларын кайсы бир саясатчылар азыртан айтышууда. Андай ойду Орусиялык республикалык партиянын теңтайлаш төрагасы Владимир Лысенко айтты:

- Биздин кадыровчулар түрүндөгү саясий көрүнүштү жартуубуз келечекте Орусиянын башын оорута турган маселе болот.

Анын каршысында Кремлдик саясаттын туура жолдо экенинен шек санабаган анализчилер тобу мунун кайра Орусиянын жеңиши болду дешет. Натыйжалуу саясат корунун президенти Глеб Павловский ушундай ой айтат:

- Кадыровду Чеченстандын президенттигине сунуштоо – ал жумуриятта согуштун бүтүшүн билдирет.

Коргоо министрлигинен алынган маалыиматта 1999-жылдан бери Чеченстанда жүрүп аткан согушта 3610 орусиялык аскер окко учкан. Дайынсыз жоголуп кеткендер эсенби абдан көп экенин айтышат. Ал эми Аскер энелери комитетинин төрайымы Валентина Мельникова айтканга караганда Чеченстанда жоголуп кеткен кишилерди иликтөө дегеле болбойт.

Орусиянын коргоо министринин жардамчысы Владимир Шаманов айтканга караганда:

- Чеченстан Орусиянын бир субъектиси болгондуктан ал жумуриятта жоголуп кеткендерди иликтетүү милдети эми Рамзан Кадыровдун мойнунда болот.

XS
SM
MD
LG