Депутат бүгүнкү сессияда парламентке ушинтип кайрылды. Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине байланышкан маселе боюнча буга чейин президентке, өкмөт башчыга кайрылган. Бир катар депутаттар Өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рустембеков баштаган жетекчилер чоң суммада мамлекеттик каражатты ичип-жеди деп, аны кызматтан четтетүүнү февраль айынын этегинде сессияда талап кылышкан. Буга байланыштуу министр Рустембеков билдирүү таратып, анда элге жаманатты кылып, депутаттар аны атайын каралап жатат деген доо койгон. (BuS)