Мындай пикирин биринчи вице-премьер министр бүгүн «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, президентти чукул шайлоого азыр мыйзамдык негиз жок. Данияр Үсөнов ошондой эле «Кыргызстандын кең келечеги» бириккен фронту бийликти жаманатты кылуу жана өзүн көрсөтүү аракетин жасап жатат деп билдирди. (BuS)