Өзбек улутундагы 14 киши 2005-жылдын 18-июнунда Орусиянын Иваново шаарында кармалган. Андан кийин эле Өзбекстан аларды «2005-жылдын май айындагы Анжиан окуяларына катышкан» деп айыптап, орус бийликтерине кармалгандарды Ташкенге өткөрүп берүүлөрүн суранышты. Бирок орусиялык жана европалык укук коргоочулар буга каршы чыгып, жыйынтыгында 14 кишинин айланасындагы сот жараяны дээрлик эки жылга созулуп кетти.
Кармалгандар Орусиядан саясий башпаанек сурашканы да белгилүү. Орусиялык соттор ал кишилерди өзбек бийликтерине өткөрүп берүү тууралуу чечим чыгарышкан эле, бирок арага Европа соту да кийлигишип олтуруп, акыр аягында ал сот өзбекстандык качкындарды Ташкенге өткөрбөөнү талап кылды.
- Узак убакытка созулган сот жараянынын жыйынтыгында өткөн жума күнү аларды түрмөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарылган. Бирок өткөн ишемби-жекшемби күндөрү «дем алыш болуп калды» деп, аларды абакта калтырып коюшту. Мынакей, бүгүн дүйшөмбү болуп, күн батып баратса да, алар азырга чейин чыгарыла элек. Анын оордуна түрмөнүн алдына «качкындарды алып кетебиз» деп, Федералдык миграциялык кызматтын өкүлдөрү келишиптир. Биринчиден, мыйзамга ылайык, бул кызмат эркин атуулдарды эч жакка алып барууга укугу жок. Андан ары ОМОНдун кызматкерлери да келишти. Ошондо маселеге эми Ички иштер органдары да кийлигише баштаганын байкадык. Алар өздөрүнүн автобусунун эшигин түрмөнүн эшигине туштап коюп, аны айланып өтчү бир да жылчык калтырышпады. Биздин адвокат менен дагы бир кызматкерибиз азыр ошол жерде иштеп жатышат. Менимче, алар акыр аягында күч менен болсо да өздөрү коргоого алган адамдарды алып кетүүгө аракет кылышат го, - дейт Орусиядагы «Гражданское содействие» укук коргоо уюмунун жетекчиси Светлана Ганнушкина.
Ивановодогу түрмөгө баштап 14 өзбек улутундагы качкын отургузулган. Бирок алардын бирөөсү Орусиянын жараны болгондуктан, кийин түрмөдөн бошотулду. Дагы бирөөсү Кыргызстандын жараны Мамиржон Таштемиров экен.
- Айта кетиш керек, Кыргызстан өзүнүн атуулу боюнча эч кандай аракеттерди көрө элек. Эгер калган өзбекстандыктарды түрмөдөн бошотуу боюнча чечим чыгарылган болсо, кыргызстандык жаранды чыгаруу жөнүндө чечим да жок. Анткени андай чечим чыкса эле ал киши түйүнчөгүн түйөт да, Кыргызстанга кетип калат, - дейт Ганнушкина.
Анын айтымында, Орусия менен Өзбекстан ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, өзбекстандыктар Орусиядан чыгып кетиши үчүн бийликтерден уруксат сурашы керек.
Иши кылып, азыркы түзүлгөн түшүнүксүз кырдаал качан чечилээри белгисиз. Светлана Ганнушкинанын ишениминде, орус бийликтери кантип болбосун, азыр түрмөдө отургандарды Өзбекстанга өткөрүп берүүгө аракет кылышат. Укук коргоочу биз менен сүйлөшүп жатып, бүгүн Орусиянын омбудсмени Владимир Лукин менен да байланышканын, маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө чакырганын айтты.