Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:17

14:25 Президент К. Бакиев мамлекеттик жетекчи кызматта аялдардын аз экендигине кабатыр


Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев бүгүн аялдар менен жолугушуу маалында билдирди. Жолугушуу 8-март аялдардын эл аралык тилектештик күнүнө арналып, ага Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова, КМШ жана ЕврАзЭС алкагындагы кызматташтык боюнча президенттин өкүлү Ишенгүл Болжурова, Эмгек жана Социалдык өнүгүү министри Өкмөмкан Абдуллаева, Миграция жана ишке жайгаштыруу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Айгүл Рыскулова, БШК төрайымы Айчүрөк Эшимова катышты. Президент жолугушууда аялдардын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу үчүн кам көрүүнү убада кылды. Президент куттуктоо сөзүндө аялдардын үй-бүлөдөгү, мамлекеттин турмушундагы жана адамзаттын өнүгүшүндөгү баа жеткис ролун баса белгиледи. «Аларсыз турмуштун мааниси болбойт, дүйнөңү аялдардын мээрими жана сүйүүсү гана сактап кала алат. Үй-бүлө жана мамлекет тарабынан алардын эмгеги татыктуу бааланышы керек», - деп белгиледи Президент. (BuS)

XS
SM
MD
LG