«Биз 21-кылымда жашап жатабыз жана биздин элибиз билимдүү, өлкөдө андан башка да чечүүнү талап кылган маселелер арбын»,- деди өлкө башчысы кечээ аялдар күнүнө арналган салтанатта cүйлөгөн сөзүндө. Кылмыш кодексинен көп аял алууну жазалаган беренени алып салуу тууралуу маселе учурда коомчулукта кызуу талкууланып, бир катар аялдар уюмдары ага каршылык билдирүүдө. Юстиция министри Марат Кайыпов тарабынан көтөрүлгөн бул маселе боюнча мыйзам долбоору парламенттин март айындагы күн тартибине алгачкылардан болуп кирген. (SM)