Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

АЛДЫҢКЫ АЯЛДАР “ЭНЕ ДАҢКЫ” СЫЙЛЫГЫН АЛЫШТЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Султан Ибраимов атындагы драма театрда коомдук активдүүлүгү үчүн жана иштеген кызматтарында өздөрүн жакшы көргөзгөн деп эсептелинген аялдардын өкүлдөрү президенттин жана облустук акимчиликтин атынан берилген сыйлыктарга татыктуу болушту. “Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү болсо бийликке жагынган жана кошоматтанган аялдар гана сыйга чакырылып, чыныгы коомдук активисттер катары таанылышкан аялдардын өкүлдөрү четте калгандыгына нааразылык билдиришти.

Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров Кыргыз Республикасынын Президенттинин атынан 10 бала төрөп өстүргөн 28 аялга «Эне даңкы» медалдарын тапшырды. Ошол эле учурда коомдук активдүүлүгү үчүн жана иштеген кызматтында өзүн көргөзгөн аялдардын өкүлдөрү атайын сыйлыктарга татыктуу болушту. Мындан сырткары облус шаар боюнча ар түрдүү тармакта иштеп жаткан жана эс алуудагы төрт жүз аялдын ар бирине миң сом өлчөмүндөгү президенттин акчалай колдоосу ыйгарылды.

Куттуктоо сөзүндө мамлекеттик катчы Кыргызстандын тарыхында мындай камкордук мурда болуп көрбөгөндүгүн белгилеп өттү:

- Апалар, эжелер майрам болгон жерде сөзсүз сыйлык болот. Сыйлык болгон жерде сөзсүз шаан-шөкөт, тамаша болот. Майрамыныздар менен чын жүрөктөн куттуктайм, көп жашаңыздар, оорубаныздар, - деген куттуктоо сөзүн айтып өттү Адахан Мадумаров.

Чакыртылган тизмеге ылайык сыйланган аялдардын көпчүлүгү Өзгөн районунан – башкача айтканда мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров менен губернатор Жантөрө Сатыбалдиевдин кичи мекенинен экендиги байкалып калды.

Мындай жагдайды жердешчилик өнөкөтү катары кабылдап кыжырданышкан «Марттагы элдик ыңкылап» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү бийлик дагы деле колу ийрисине тарткан адатын карматып, өздөрүнө жакын адамдарды гана сыйлады деген нааразылыгын билдиришти:

- Карапайым калкты караган киши болгон жок. Губернатор да, мэр да өзүнө караштуу адамдарды, тууган-уруктарын гана сыйлашты. Элдик революциянын атынан бир адамды сыйлаган жок, ойлогон да жок, - деди “Марттагы элдик ыңкылап» коомдук бирикмесинин мүчөсү Кадича Алипбекова.

Ал эми Ош мамлекеттик университетинин алдындагы гендердик борбордун директору Канышай Нурдинова коомдогу алдыңкы активдүүлүгү боюнча аялдардын өкүлдөрүн тандоодо баардыгына тең карабаган социалдык адилетсиздик орун алгандыгы байкалып калгандыгын белгилеп, бийлик дагы деле болсо өткөндөн сабак ала албай жаткандыгын айтты:

- Болгону 4 жаш аялдарды чакырышты. Мээнети мамлекетке өткөн аялдар болгон жок, - дейт Ош мамлекеттик университетинин профессору Канышай Нурдинова.

Салтанаттын аягында “Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмесинин аялдар тобунун мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев жана шаар мэри Жумадыл Исаков менен жолугушууга болгон аракети ишке ашкан жок.

XS
SM
MD
LG