Люис Либби 2005-жылга чейин АКШнын вице-президенти Дик Чейнинин кеңешчиси болуп иштеп, Борбордук Чалгындоо Кызматынын жашыруун агенти Валери Плеймдин бети ачылып калган соң, чыккан чактактан кийин кызматынан кетүүгө мажбур болгон.
Ал агенттин аты ачыкка чыгып кеткенине байланыштуу жүргүзүлгөн иликтөөгө жолтоо болду, деп айыпталып, сот жообуна тартылууда.
Валери Плейм АКШнын Нигериядагы мурдагы элчиси Джозеф Уильсондун аялы. Нигерияда иштеп жүргөн кезде элчи Уильсон Ирак согушун баштагандыгы үчүн Жордж Буштун администрациясын кескин сынга алып, Нигерияда Саддам Хусейиндин уран издеген агенттери табылбаганын билдирген.
Вильсондун бул күтүүсүз сынынан кийин эле маалымат каражаттарында Вильсондун аялы ЦРУнун жашыруун агенти экен, ал Нигерияда тымызын иш жүргүзүп жатыптыр деген кабар тараган. Ошону менен бирге эле журналисттер бул маалымат Вашингтондогу Ак үйдүн чиновниктердин биринен алынгандыгын кыйытышкан. Ал эми элчи болуп иштеп Вильсон болсо анын аялынын ким экендигин Ак үйдүн бюрократтары Бушка сын айткандыгы үчүн андан өч алуу максаты менен атайылап ачыкка чыгарып жиберишти деп айыптаган.
ЦРУнун агенти жөнүндөгү жашыруун маалыматтын булагы катары ар убакта ар башка адамдар аталып, маселе аягында барып АКШнын тышкы иштер министринин ошол кездеги орун басары Ричард Эрмитажга такалган. Бирок Эрмитаж күнөөнү оозунуп мойнуна алып, шашылыш түрдө пенсияга чыгып кеткен.
Либбини болсо агенттин бети ачылгандыгына байланыштуу иликтөөдө тергөөчүлөргө калп айтып, иликтөөгө жолтоо болду деп айыптап жатышат. АКШнын атайын прокурору Патрик Фицжеральд соттун бүтүмүнө ынанганын билдирип, Либбиге тагылган айып өтө олуттуу экенин баса белгиледи.
"Чындыкты айтууга касам ичип, анан ошого карабай жалган айткан бул өтө олуттуу проблема, айрыкча бийик мартабалуу бийлик адамы үчүн. Мындайды унчукпастан кабыл алууга болбойт, - деди Фицжеральд.
Либби өзүнө каршы чыгарылган сот бүтүмү тууралуу пикирин билдире элек, бирок анын адвокаты Теодор Веллс иштин сотто кайталап каралуусу үчүн аракет кыла турганын билдирди.
-Биз соттун кайрадан каралуусун өтүнүп, жогорку мекемелерге кайрылабыз, андан оң жооп ала албасак, өкүм чыгаруучуларга кайрылабыз. Либбиге кечирим кылынышына ишенебиз ,- деди адвокат.
Баян Жумакадыр кызы, Прага