Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Талибдер италиялык журналисттин бошотулушу үчүн шарт коюушууда


Талибдер италиялык журналисттин бошотулушуна жол ачуу үчүн Рим Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүүгө тийиш деген шарт коюууда. "Ла реппублика" гезитинин кабарчысы Даниеле Мастрожакомо, тыңчылык үчүн шектелип барымтага алынган.

9-мартта талибдер журналист тыңчы эместигин далилдей алса, кое берилет деп ырасташакан эле. Бирок Италия парламентинин төмөнкү палатасы Ооганстандагы 2 миңге жакын контингентти Ооганстанда калтырууну жактап добуш бергенден кийин, талибдердин маалымат өкүлү алардын талабы өзгөргөнүн билдирди.

Аны менен бирге Ооганстандагы аскерлер маселесин Италиянын Сенаты да карашы керек.

XS
SM
MD
LG