Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

ЖАКЫН ТУУГАНДАР ҮЙЛӨНСӨ БАЛАСЫН ООРУ БАСАТ, УЙКУДАН КАЛСАҢ АКЫЛ-ЭС КАЧАТ


Баян Жумакадыр кызы Уйкудан калган адамдардын окуяга моралдык баа берүү жөндөмү начарлайт. Өз ара никелешкен жакын туугандардан төрөлгөн балдарда генетикалык мутациялар пайда болуп, балдар өлүмгө учураган учурлар көбөйт. Илимдин соңку жаңылыктары мына ушундай.

Чала уйку болгондон кийин шалдырап, көнүмүш ишти аткарууда адаттагыдай шамдагай болбой, ишке кунт койо албай бушайман болгон учурлар адамдардын көпчүлүгүнө тааныш көрүнүш. Америкалык окумуштуу нейропсихолог Уильям Килгор уйкудан калган адамдарда чукул кырдаалдарда чечим кабыл алуу жөндөмү да начарлай турганын баса белгилейт. Килгор жетектеген изилдөөчүлөрдүн айтымында, эки күн уктабаган адамдар өлүм менен өмүргө байланыштуу чукул кырдаалдарда моралдык жана этикалык нормаларга кайчы келген чечимдерге барышы ыктымал.
Мындай катаал чечимдер, мисалы, солдаттардын же болбосо адамдын өмүрү үчүн күрөшкөн хирургдардын бир нече көз ирмемде кабыл ала турган чечимдерине терс таасирин тийгизип, адамдардын өлүмүнө алып келиши ыктымал.

Бирок окумуштуунун айтымында, уйкусуздукка кофеин же башка азыктар эмес, адамдардын эмоционалдык интеллектинин төмөн болуусу алып келет. Адам сезимдердин жүрүм- турумга таасир этүүсүнө жолтоо болууну үйрөнгөндө гана уйкусуздукка дуушар болбойт.

Америкалык окумуштуулар жакын туугандардын никесинен туулган адамдарда жүрөктүн коронардык артериясынын оорусу көп кездеше турганын аныкташты. Изилдөөчүлөр тобунун башчысы, теги ирандык, Йель университетинин илимий кызматкери Ария Мани Иранда изилдөө жүргүзгөн. Жакын туугандардын өз ара никелешүүсүнө уруксаат этилген бул өлкөдө балдардын 25 проценти дал ушундай үй бүлөлөрдө төрөлөт.

Изилдөөгө алынган бир чоң үй бүлөдө 28 кишинин 23 жашы 50дөн ашкан куракта жүрөктүн коронардык артериясынын оорусунан каза болгон. Каза болгондордун баары жүрөк ооруга чалдыгуу коркунучуна дуушар болушкан, атап айтканда: алардын кан басымы жогору болуп, холестериндин кандагы дэңгээли нормадан ашыкча болгон, алардын арасында диабеттен жабыркагандар да бар болгон. Бул жерден каза болгондордун баары ашыкча салмактан жабыркабаганын жана алардын бирөө гана чылым чеккенин кошумчалай кетүү керек. Окумуштуулар азырынча жакын туугандардан төрөлгөн балдар кандай генетикалык мутацияга дуушар болорун так жана толук аныктай алган жок, бирок ошондой гипотеза азыр бар.
XS
SM
MD
LG