Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 12:43

ДҮЙНӨНҮН ЭҢ КАРЫ АДАМЫ 116 ЖАШТА


Украинанын жараны Хригорий Нестор кечээ 116 жашка толду жана дүйнөнүн эң кары адамы, деп таанылды. Карыя эч качан чылым чекпеген, алкоголго кызыкпаган жана аял да аялбаган. Бирок ал күнүгө Кудайга сыйынат. Анын айтымында мунун баары анын узак жашоосуна салым кошкон.

Григорий Нестор карыя аны туулган күнү менен куттуктоо үчүн келген меймандарга ырдап берди. Бирок дүйнөнүн эң кары адамы болуп таанылган аксакалды ал күнү келген меймандары да ыр менен куттуктап жатышат. Чачын бубак баскан, чүкөдөй аксакалдын Львов шаарындагы эки кабат үйүнө ал күнү көп конок чогулду.

Карыяны туулган күнү менен Украинын президенти Виктор Ющенко да куттуктап: "Мекенибиздин бир кылымдан ашык тарыхына күбө болгон жашыңыз кут болсун",- деп телеграмма жиберди.

Өмүрүнүн көп бөлүгүн мал артында жүрүп өткөргөн карыя өзүнүн узак жашаганын өмүр бою карманган жашоо жолойу менен түшүндүрөт. Ал суу жана шире менен аралаштырылган бир стакан шампандан башка күчтүүрөөк ичимдик ичип көрбөгөн. "Узак жашоомо бойдок өткөнүм да себеп болду", деп эсептейт карыя.

-Ушул жашка келип, катуу капа болуп көрбөгөм. Эгерде аял алган болсом, эчак эле оо дүйнө аттанмакмын,- дейт аксакал.

Нестордун 1891-жылы 15-мартта жарык дүйнөдгө келгенин ырастаган документтери бар. Ал кезде Батыш Украина Австро-Венгрия империясынын бир бөлүгү болучу. Документтерге ылайык, Хригорий Нестор Япониянын жараны Йона Минагава байбичеден 2 жаш улуу. 114 жашка чыккан Минагава дүйнөдөгү эң кары аял болуп эсептелет. Бирок Григорий Нестор аксакал дагы жети жыл жашап, дүйнөдөгү узак жашоо рекордун жаңыртсам, деп самайт.
Гиннестин рекорддор китеби боюнча эң узак жашаган киши 122 жашка чыгып, дүйнөдөн кайткан.

Ажалга кандай карайсыз деген суроого аксакал философиялык жооп кайтарды.

-Тиги дүйнө жакшы болсо керек, эгерде жаман болсо бирөө- жарым качып келет эле го,- дейт ал.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG