Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

7:00 Элмурза Сатыбалдиев баш прокурордун милдетин аткарбай калды


Президент кечээ кечинде Элмурза Сатыбалдиевди баш прокурордун милдетин аткаруучулукка дайындаган жардыгын кайра чакыртып алды. Ага жардыкты даярдоо иштеринде катачылыктар кеткени себеп болгонун «Азаттыкка» президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев билдирди:

- Себеби прокуратура боюнча мыйзамга ылайык, баш прокурорлукка дайындала турган адамдын бул тармакта кеминде 15 жылдык иш тажрыйбасы болуш керек. Элмурза Сатыбалдиевдин иш тажрыйбасы болсо 15 жылга беш ай жетпейт экен. Мындай кенемте билинген соң президент жардыкты даярдаган кызматкерлерге катуу сөгүш берди.

Президент бул жардыкка кечээ эртең менен Баткен облусуна иш сапарга чыгаар алдында кол койгон болчу.(SM)

XS
SM
MD
LG