Эксперттик деңгээлдеги жумушчу топтордун бул жолку отуруму учурда Бишкекте жүрүп жатат. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдө жалпы узундугу 911 чакырым келген эки өлкө чек арасынын 300 чакырымдан ашыгыраагы гана такталган. Бирок бул иштер тоо кырлары менен кеткен талаш туудурбаган чек ара тилкесинде гана жүргүзүлгөн. Кезектеги сүйлөшүү ушул жуманын этегинде жыйынтыкталат. (SM)