Президенттик администрация жетекчисинин орун басары Медет Садыркулов “Аялдардын саясий –талкуу клубунун” мүчөлөрү менен жолугушту. Анда негизинен “Мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын 30 пайызына аялдарды дайындоо” тууралуу президенттин 2006-жылы 20-марттагы жардыгынын аткарылбай жатышы, мамлекеттик кызматтарга аялдардын тартылбаганы, гендердик саясат боюнча маселе козголду. Ошондой эле кадрларды дайындоону ачык-айкын жүргүзүп, аялдардын укугун басмырлоого жол бербөө талабы коюлду. Аталган клубдун маалыматына караганда, Кыргызстанда бир эле аял райондун акими болуп иштейт. (AJ)