Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

ТҮШТҮК КАВКАЗ ӨЛКӨЛӨРҮ ОРУСИЯНЫН ТААСИРИНЕН БОШОНУУ ЖОЛУН БАШТАДЫ


Батышка энергия кубатын өндүрүүчү отунду чыгарып сатууда Москва баанын кысымы менен үстөмдүк саясат жүргүзүп келатышы Түштүк Кавказдагы өлкөлөр менен болгон алакасын бошоңдотуп ийген. Анализчилер айтымына караганда, ошол себепчи болуп Грузия гана эмес Азербайжан кийинки учурда Кремлдин таасиринен алыстоо жолуна түшкөн. Жакында Вашингтон, Тбилиси жана Ашгабад көтөрүшкөн демилге боюнча батышты карай жаңы куур тармагы жаткырылмкчы. Аны Орусиянын таасиринен кутулуш үчүн түштүккавказдык өлкөлөр кубаттоого алышууда дешет.

Жакында президент Владимир Путин батышта иш сапары менен болгондо тушоосун кескен «Бургас-Александруполис» куур тармагын анализчилер баарыдан мурда Борбордук Азия жана Кавказдан жөнөтүлүүчү көгүлтүр отун менен карамай жолун тороо болду дешет. Бул күндөрү Вашингтондо иш сапары менен барган Азербайжандын тышкы иштер министри ал эми Тбилиси жана Ашгабатта да батышка жаңы куур тармагын жаткыруу кеби болгону маалым болууда.

Баса, Баку үстүдөгү жылдын биринчи чейрегинен тартып Орусиянын жери менен карамайын жеткирүүдөн баш тарткан. Ага башкы себеп – «Газпромдун» ушул жыл башынан тартып ар бир миң кубометр көгүлтүр отун үчүн мурдагыдай 110 доллардан эмес 230 доллардан акы алуу талабы болгон.

Эксперттер баамында Маскөөнүн баа менен Азербайжанга таасир эте башташы чындыгында орусиялык-грузиялык алакадан улам болгон. КМШ институтунун анализчиси Михаил Александровдун айтканына караганда, Орусия аны менен грузиянын башка жактан алайын деген көгүлтүр отунунан каңтарууну көздөгөн.

Советтик кездегидей Маскөөнүн дымагы түштүк кавказдык өлкөлөрдү көзүн каратуу болуп атканын Каспий аймагы боюнча саясий иликтөө корунун президенти Бафа Улугзада айтат:

- Түштүк Кавказга көз карандылыктын кереги жок. Азербайжан ага макул эмес. Грузия да макул эмес.

Ал аймакта жайгашкан жумурияттардын ички абалына орусиялык кавказдын коопсуздугу түздөн-түз байланыштуу. Мунун бир мисалы катары Кремль кантсе да Бакуга кысым көргөзүп, максатыма жетем деши кайра анын Тбилиси менен чукулдашып кетүүсүнө түрткү болду дейт. Мындай ойду саясий жана аскерий талдоого алуу институтунун анализчиси Сергей Маркидонов айтат:


- Ошондуктан мындай божомолдун акылга сыйбагандай көрүнгөнүнө карабай, Армения менен достошкубуз келсе анда Грузия менен да, Азербайжан менен да ырааттуу алакада болушубуз керек.

XS
SM
MD
LG