Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:33

ОШ: БИРИККЕН ФРОНТТУ УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫ КОРКУТУП ҮРКҮТҮҮДӨ


Кубанычбек Жолдошев, Ош “Кыргызстандын кең келечеги үчүн” бириккен фронттунун Ош облустук штабы жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр жана алардын ишмердүүлүгүнө бут тосуулар орун ала баштагандыгына тынчсызданган билдирүү таркатты. Ал эми «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынын Ош облустук бөлүмү оппозициянын бул билдирүүсүнө жалган жалаа катары баа берүүдө.

Бириккен фронттунун Ош облустук штабы жакындан бери ишке кирише баштады. Аталган штабдын
координатору Зайлабидин Имяминов оппозициялык маанайдагы макалалар жазылган «Агым»,
«Айкын», «Кыргыз руху», «Апта» гезиттерин жана агитациялык мазмундагы баракчаларды элге таркатуу учурунда бут тосуулар менен катар кызматкерлерди коркутуп-үркүтүүлөр орун алып жаткандыгын белгиледи:

- Штабдан чыгып “Агым”, “Апта”, “Кыргыз руху” гезиттерди алып кетип, агитация катарында таркатып атсак, алып коюп атышат. Качан ошондой болду эле. Бөдөш Мамырова басканга, жүргөнгө жол жок деп атат. Ошто сөз кылып атышат, Ошто Бириккен фронттун эч кадай штабы, иши жок деп, - деди Зайлабиддин Имяминов.

Оппоизциялык фронттун Ош облустук штабынын мындай расмий билдирүүсүн «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынын облустук бөлүмүнүн төрагасы Керим Макеев чагымчылдык деп айтып, жогоруда аталган гезиттердин таркатылышын коомду козутууга карата аракет катары баалады:

- Газеталарды өзүбүз көрдүк, пачкалап бурчка тизип коюп элге бекер таркатып атышат. Канча сумма акча кетип атканын эл түшүнүп атат, кечээги эле өкмөт башчы бул акчанын кайдан тапканын. Булар маалыматтык террор кылып атат.

Анткен менен Бириккен фронттун Баткен облустук штабынын башчысы Раимжан Калматов болсо активисттер саясий ишмердүүлүктү мыйзамдын чегинде алып барып жаткандыгына карабастан чагымчыл аракеттер, опузалоолор, басмырлоолор айрыкча ички иштер жана коопсуздук органдары тарабынан болуп жаткандыгына токтолду:

- Баткенде, Сүлүктүдө провокациялык маалымат берип атышат, «Ар намыс» партиясынан мынча адам кетип калды деп. Бир дагы адам кеткен жок. Баткенде, Сүлүктүдө биздин офистеги вывескаларды жулуп салышты, - дейт Раимжан Калматов.

Оппозициялык Бириккен фронттун түштүк аймактык штабынын башчысы Абдымажит Мадумаров координаторлор кеңеши 9-апрелде Ош шаарында тынчтык митингин уюштуруу боюнча чечимин кабыл алгандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG