Орусиянын Улуттар уюмундагы элчиси Виталий Чуркин кечээ Москванын Косовго көз карандысыздык берүүдөн мурун чөлкөмгө Улуттар уюмунун атайын миссиясын жөнөтүп, ал жердеги кырдаалды кылдат териштирүү керек деген сунушун жарыя кылды. Аны менен Орусия Улуттар уюмунун Косоводо чабарманы Марти Ахтисааринин калкынын көбүн албандар түзгөн чөлкөмгө көз карандысыздык берүү сунушуна каршылыгын билдирди.