- Сиз кыймылдын жетекчилигинен эмне себептен чыктыңыз?
- Биздин “Реформа үчүн” кыймылы митингден митингге кеңейип отурган. Ноябрь айындагы окуялардан кийин жыйырмадан ашык депутат бул кыймылдын катарына киришкен. Кыймылда өз алдынча саясий күчтөр пайда болгондуктан алардын кызыкчылыгын, кыймылдын жетекчилиги алган чечимди эске алыш керек эле. Ошондуктан, биз төрага институтун кеңейтип, тогуз теңтөрагадан турган жетекчи органын шайладык. Аты айтып тургандай булардын баары теңтөрага, теңата, баары кеңешип бир пикирге келмейинче чечим кабыл алынбайт. Акыркы кездерде Алмаз Атамбаев президентке өзү жалгыз кирип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыймылдын чечимдерин ошол жакка тууралаганга аракет жасагандан кийин ушул маселе келип чыкты. Сүйлөшүүлөр ачык-айкын болуп, жок дегенде беш адам катышканда гана ушундай сүйлөшүүлөрдү туура деп табабыз. Бир адамдын жеке сүйлөшүүсүн биз туура эмес деп эсептедик. Анткени, президент эл алдында сүйлөшүп, кол алышып, ант беришип, кол койгон документтерин аткарбай атат, анан козу жеп жалгыз отургандагы сөзүн аткармак беле. Ошол сөзгө ишенип, бүтүндөй бир кыймылды башка тарыхый багытты көздөй сүйрөгөндү туура эмес деп эсептейбиз. Ошондуктан, биз эски жетекчиликтин бири фронт жакты көздөй ыктады, экинчиси Акүйдү көздөй ыктады деген оюн-чын аралаш көрүнүшкө жол бербөө үчүн көп адамдан турган башкаруу болушу керек деп чечтик.
- Кечээ кыймылдын коалициялык өкмөткө кире турган талапкерлери талкууланды деп билдирди Азимбек Бекназаров биздин кабарчыбызга. Андай өкмөт түзүү күн тартибине жакын арада коюлат деп ишенесизби?
- Биз андай маселе койгонубуз жок. Кыймылдын сепараттык чакан бөлүгү бир топ күндөн бери кызмат жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жасап жүрөт деп уктук. Балким ошол сепараттык чакан топтун пикирин Азимбек мырза билдирген болуш керек. Биз мына ушундай сүйлөшүүлөр болбосун деп кыймылдын атынан кыймылдын теңтөрагалыгын кеңейттик.
- Демек сиз коалициялык өкмөткө каршысыз?
- Коалициялык өкмөт бул кыймылдын сунуштарынын бири, татаал кырдаалдан чыгып кетүүнүн каражаттарынын бири. Муну биз тандайбыз. Ал болушу мүмкүн, болушу зарыл абалга жараша. Бирок, аны азыртан ким кайсы кызматка барат деген жөнөкөй соодалашууга биз алмаштырбашыбыз керек.
- Сиз азыр эле кыймылдын сепараттык бөлүгү деп кеттиңиз, демек кыймылдын ичинде бөлүнүп-жарылуулар барбы?
- Жок. Мен сиз айткандан улам айтып атам. Сиз айттыңыз, кыймыл конкреттүү ким кайсы кызматка барат деген маселени талуулады деп. Мен мисалы мурунку теңтөрага катары, активдүү мүчөсү катары андай сөз болгонун билбейт экемин. Эгер андай сөз болсо, чакан бир бөлүгү өзүнчө сөз жүргүзүп жаткан болуш керек деп ойлойм.
- Президент оппозициянын бир талабына көнүп, кечээ мамлекеттик телерадио компанияны коомдук башкарууга өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Сиздин оюңузча эми компаниянын берүүлөрү позитивдүү жака өзгөрүшү мүмкүнбү?
- Законго кол коюп, ишке киргизүү менен аны толук ишке ашырып, артка кайткыс кылып, закон өзү иштей турганга чейин дагы бир топ кадам. Мыйзам кабыл алып коюу менен эле бул максатка жетпейбиз. Ошондуктан, биз президенттин аракети канчалык чын ыкластан жасалганын, мамлекеттик компанияны чындыгында көз каранды эмес коомдук кылганга аракети барбы, жокпу бир топ убакыт өткөндөн кийин байкайбыз.
- Кыймыл 11-апрелде бириккен фронт тарабынан уюшутурулуп жаткан митингдерге катышабы?
- Өзүңүз билдиңиз, кыймыл 11-апрелде уюштурулган митингге катышабыз деп жарыялаган. Ан үчүн негизги талаптар терең конституциялык реформаларды ишке ашыруу. Андан башка бир нече талаптарды президент аткарышы керек. Эгер аткарбаса кыймыл толугу менен фронт койгон талаптарды колдоп, акцияларга катышат деген чечимди биз кабыл алганбыз.
- Сиз дагы чыгасызбы?
- Баарыбыз чыгабыз. Бирок фронт президентке койгон талаптарыбызды жөн гана папка үчүн кыймылга айландырбашыбыз керек, кызмат үчүн кыймыл болбошу керек, реформаны айтып атам. Президенттен биз 5-апрелге чейин чыныгы терең артка кайткыс конституциялык реформаларды жана демократиялык реформаларын жүргүзүшүнө жетишибиз керек. Ошондо кырдаал өзгөрүп сүйлөшүүлөргө жол ачылышы мүмкүн.
- Маегиңизге ырахмат.
Маектешкен Айнура Жекше кызы, Прага