Орусиянын Илимдер академиясы жана өлкөнүн Кыйноолорго каршы комитети 28-мартта билдиргенге караганда, өлкө жарандарынын ар бир жыйырма бешинчи адамы милиция же башка тартип коргоо уюмдары тарабынан бир жылдын ичинде жок дегенде бир жолу кыйналган, коркутулган же опузаланган.
Бул эки уюм тарабынан Орусиянын беш аймагында акыркы үч жылдын ичинде сурамжылоо өткөрүлгөн жана Санкт-Петербург шаарында суралгандардын 3,4 пайызы - акыркы бир жылдын ичинде милициянын катуу мамилесине кабылганы жөнүндө билдирген. Псков облусундагы көрсөткүч - 4,7 пайыз; Нижний Новгороддо - 3,4; Коми жумуриятында - 4,6; Чита аймагында - 4,5 пайыз жана жалпы орто көрсөткүч 4,1 пайыз. Чеченстанда изилдөө жүргүзүлгөн эмес, анткени окумуштуулардын пикиринде, ал өзүнчө орчундуу маселе.
Өздөрү эмес, алардын тааныштары милициянын жосунсуз мамилесине кабылганын уккан же билгени жөнүндө суралгандырдын 9,3 пайыздан 17,7 пайызга чейини билдирген. Кыйноолорго каршы комитеттин өкүлү Максим Прытковдун айтымында, абал мынчалык начар болуп чыгаарын ал күткөн эмес: "Биздин уюм бул маселе үстүндө жети жылдан бери иштеп келатат, мен өзүм андай аракеттерге он жылдан бери аралашуудамын. Чындап келгенде, көрсөткүчтөр мен үчүн өтө жогору болуп чыкты. Орусиянын ар бир жараны же өзү, же өз тааныштары аркылуу милициянын катуу чаралары жөнүндө жакшы билет экен. Милиция иши ушундай экенин адамдар билсе, Ички иштер министрлигине болгон ишеним эч качан талаптуу деңгээлге көтөрүлбөйт", - дейт Прытков.
29-март күнү болсо Орусиядагы кыйноолор тууралуу баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Хюман райтс вотч" уюму дагы атайын отчет жарыялады. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, Куба аралындагы америкалык Гуантанамо базасында кармалып, 2004-жылы бошотулган үч адам - Кабардин-Балкар жумуриятында жашаган Расул Кудаев жана Татарстандын тургундары Равил Гумаров менен Тимур Ишмуратов - башка иштер менен байланыштуу орус милициясы тарабынан кармалып, камакта катуу кыйналган. Гумаровко бир апта бою уйку бербей койгондон кийин, мисал үчүн, ал - Татарстандагы газ куурун мен жардыргам деп, күнөөнү мойнуна алган.
"Хюман райтс вотчтун " Маскөө бөлүмүнүн деректири Эллисон Гиллдин айтымында, милицияга түшкөндөрдү кыйноо Орусияда катардагы нерсеге айланып кеткен: "Милициянын укук чегинен чыгып кетиши жана кыйноолор Орусияда кеңири тараган. Акыркы 10 жылдын ичинде абал таптакыр өзгөргөн жок. Мыйзам бузуу боюнча 1997-жылы табылган фактылар эмгиче чындык. Бизге ал тууралуу такай арыздыр түшүп турат. Тартип коргоо уюмдары чечкиндүү реформаланууга тийиш", - дейт Эллисон Гилл.