Бул тууралуу фронттун мүчөсү Ашырбек Болотов “Азаттыкка” билдирди. Анын билдиргенине ылайык жыйынга райондун активдүү тургундары катышкан жана жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай бут тосуулар болгон жок. Тескерисинче эл менен болгон жолугушууда Сокулуктун акими өзү сөз сүйлөп, элди тынчтыкка үндөдү. Эртең менен ушундай эле жыйын Жайыл районунун борборунда өткөн. Ал эми Аламүдүн районунда болсо фронттун лидерлери уюштурган «Көк бөрү» оюну болду.
Жолугушуу Бириккен фронттун иши жана 11-апрель күнү боло турган митингдин максатын тааныштурууга багытталган.(JJ)
Жолугушуу Бириккен фронттун иши жана 11-апрель күнү боло турган митингдин максатын тааныштурууга багытталган.(JJ)