Көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздарды отурукташтыруу үчүн 1931-жылдын 3-апрелинде Республикалык комитет уюшулган. Комитет Кыргыз АССРинин Наркоматына караштуу айыл чарба жана отурукташуу секторуна карап, ал кыргыздардын жер алып, чарба күтүп айыл, кыштактарда жашоосу үчүн иш алып барган. Отурукташтыруу Комитетинин ишкер аракетинин натыйжасында кыргыздар кыска аралыкта көчмөн чарбадан отурукташкан маданиятка өтүшүп, сабатсыздыкты жою сыяктуу цивилизация өрнөктөрү менен таанышышты. Ушул убактан тарта Кыргызстандын азыркы айыл-кыштактары түптөлүп, курула баштады.
Фрунзе шаардык кеңеши 1938-жылдын 3-апрелинде көчө өсүмдүктөрүн жана бакчаны сугарыш убактысын аныктады. Шаардык кеңештин чечимине ылайык сугат иши эртең менен саат 6-9га чейин, кечкесин саат 6-9га дейре жүргүзүлөөрү белгиленген.
Кыргыз ССР илим комиссиясы жана агартуу наркомунун демилгеси менен 1941-жылдын 3-апрелинде «Кыргыздар жана Кыргызстандын тарыхы» аттуу I илимий конференция өткөрүлдү. Илимий конференцияга Москва, Ленинград шаарларынын илимпоздору жана жергиликтүү окумуштуулар катышып, кыргыздардын байыркы мезгилден XX кылымга чейинки саясий, этникалык тарыхын тактоо туурасында пикир алмашышты.
СССР география коомунун илимий Кеңеши 1947-жылдын бу күнү Кыргызстандын география коомунун филиалын ачуу туурасында чечим кабыл алды. Кыргызстан географиялык коомунун филиалы башында Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна баш ийип, кийин Кыргыз Илимдер академиясынын курамына киргизилген.
Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши 1951-жылыдын 3-апрелинде «Эмгек сиңирген агроном» жана «эмгек сиңирген ирригатор» наамдарын тапшыруу чечимин кабыл алган. Жогорку Кеңештин чечимине ылайык, ал наамдарга арзыгандар жогорку билимдүү жана өз тармагында 15 жыл үзүрлүү эмгектенген адамдар болушкан.
Кыргыз парламентарийлери Кыргыз Республикасынынын биринчи президенти Аскар Акаев менен 2005-жылдын 3-апрелинде Москва шаарында сүйлөшүү жүргүзүштү. Сүйлөшүү президенттин бийлик ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу маселесине арналып, анын натыйжасында Аскар Акаев эки тараптуу протоколго кол койду. Протоколдо биринчи президенттин укуктарын коргоого байланышкан төрт шарт каралган.