БИШКЕК. “Азыр маселенин баары президентке гана байланыштуу болуп турат, ал өз ыйгарым укуктары менен бөлүшсө мамлекеттик бийлик органдары модернизацияланып, өлкөдө жаңы жагдай түзүлмөк”, деди “Азаттыкка” “Реформа үчүн” кыймылдын теңтөрагаларынын бири, депутат Кубат Байболов. Анын айтымында, ал автору болгон жаңы Конституциянын долбоору “Реформа үчүн” кыймылдын атынан өткөн бейшемби күнү президенттин администрацияга берилген. Ал эми кечээ кечинде “кыймыл” бийлик менен сүйлөшүү болсо президенттин өзү менен гана сүйлөшөлү деген чечимге келген. Кыймыл сүйлөшүү үч тараптуу болсо жана ага “кыймылдан” беш, “Бириккен фронттон” беш жана президент тараптан беш адам катышканы туура деп эсептейт. (КО)