Мындай пикирин Турсунбай Бакир уулу бүгүн уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Акыйкатчы саясий кырдаалды жөнгө салуу үчүн бийлик менен оппозициянын ортосуна көпүрө болууга даяр. Ошондой эле ал күтүлүп жаткан Конституциялык реформада Баш мыйзамдагы укуктук беренелерге өзгөртүү киргизилишин жактабай тургандыгын да билдирди. (BuS)