Ага премьер-министр Алмаз Атамбаев катышууда. Депутаттар долбоор боюнча өз пикирлерин айтып жатышат. Депутат Муратбек Мукашев тышкы карызды төлөө боюнча маселени эстен чыгарбоону белгилесе, депутат Рахатбек Ирсалиев Кочкор, Баткен районунда жер титирөөдөн жапа чеккендер үчүн бөлүнгөн 230 миллион сом жетишсиздигин, кеминде дагы 200 миллион сом керектигин белгиледи.,” Бизге митинг да, антимитинг да керексиз. Бизге үйлөрүбүздү оңдоп алууга каражат керек” деп билдирүүдө менин шайлоочуларым, деп айтты депутат Ирсалиев. (AiT)