Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

18:48 Жалалабатта Бириккен фронттун саясий акцияларына каршы митинг болуп өттү


Облустагы аялдар кыймылы менен республикалык “Эне үмүтү” коомдук бирикмеси уюштурган тынчтык митингиге ак элечек кийип, ак жоолук салынган энелер менен бала бакчалардын жыйырма жеткинчеги катышты. Алар Бириккен фронтту элдин ынтымагына шек келтирип жатат деп айыпташып, анын саясий аракеттерин токтотууга чакырышты. Коомчулукту тынчтык үчүн азыркы бийликти колдоого үндөштү. Митинг аяктагандан кийин алар Жалалабат шаарынын борбордук көчөлөрүн жөө айланып чыгышты. Жөө жүрүшкө энелер менен балдардан сырткары шаардагы №1 жана №75 кесипчилик окуу жайлардын 300дөй курсанттары кошулду. Курсанттар мындан аркы күтүлбөгөн кокустуктардын жоопкерчилиги Бириккен фронтко жүктөлөрүн эскерткен тасмаларды көтөрүп жүрүштү. (YA)

XS
SM
MD
LG