Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

ООГАНСТАНДА ЖАҢЫ КОАЛИЦИЯ ТҮЗҮЛДҮ


Нарын АЙЫП, Прага Жакында Ооганстанда жаңы уюм түзүлдү жана анын жетекчилеринин айтымында, "Улуттук фронт" деп аталган бирикме президенттин укуктарын кыскартып, өлкө парламентинин маанисин жогорулатуу үчүн күрөшөт.

Жаңы коалиция түзүлгөнү жөнүндө анын төрагасы болуп шайланган өлкөнүн мурдагы президенти Бурхануддин Раббани 3-апрелде жарыялады. Анын айтымында, бирикменин негизги максаты - өкмөттүн алы жетпей жаткан маселелерди чечүү, мисал үчүн, коррупцияга каршы күрөшүү:

"Кризистерди жана өзгөчө коррупциянын кеңири тарап баратканын өкмөт ооздуктай албаганы мамлекеттик коопсуздукка коркунуч түзүүдө. Мындай абалды көрүп, бир нече партия жана айрым саясатчылар обочодо карап отурбастан, улуттук маселелерди чечүүгө катышалы деп чечти. Алар кызматташуу чараларынын бири катары Бириккен улуттук фронт деген уюм түзүп, биргелешип иштей баштады", - деди Раббани.

Уюмдун пикиринде, президент Хамид Карзайдын өтө эле чексиз укуктарын кыскартып, аларды парламент менен өкмөткө өткөрүп берүүгө тийиш. Анын жетекчилеринин айтымында, Ооганстанда парламенттик башкаруучулук киргизиш керек, уюмдун айрым мүчөлөрүнүн пикиринде болсо, өлкөнү федерацияга да айлантса болот.

Улуттук фронттун жетекчилигине отузга жакын адам шайланды, ага мүчө болуп киргендердин арасында биринчи вице-президент Зия Масуд, парламенттин спикери Мохаммед Юнус Кануни, Ооганстандын аскерий ордосунун башчысы генерал Абдул Рашид Достум, суу жана кубат министри Исмаил Хан, мурдагы коргоо министри маршал Мохаммад Касим Фахим, мурдагы ички иштер министри Сайед Мохаммед Гулябзой жана башкалар бар. Уюмга кошулганы жөнүндө мурдагы ооган падышасы Захир Шахтын небереси, азыр айлана-чөйрөнү коргоо комиссиясынын төрагасы Мустафа Захир дагы жарыялады.

Уюмга өтө көп мурдагы жана азыркы жетекчи киргендиктен жана алар мурда бир-бири менен касташып-согушкандыктан, айрым байкоочулардын пикиринде, бул жаңы коалиция көпкө жашабайт. Нагахар провинциясынын тургуну Зия Урахмандын айтымында, мындай бирикме мындан 20 жыл мурда түзүлгөндө жакшы болмок:

"Мужахеддиндер менен коммунисттер ортосундагы мындай коалиция мындан 20 жыл мурда түзүлгөндө, Ооганстанда ал кезде башталган кан төгүүдөй алаамат болбой, өлкө ондогон жылдарга мынчалык азапка батпайт эле", - дейт Урахман.

Уюмду жетектөөгө келген Бурхануддин Раббани улуту боюнча тажик, азыр алтымыш беште. Ал Мисирдеги атактуу ал-Асхар университетин бүтүргөн жана Ооганстанга кайтып келип, мугалим болуп иштеп жүргөндө исламдык жаштар уюмун негиздеген, кийин белгилүү "Боордош мусулмандар" деген эл аралык бирикменин жергиликтүү уюмун жетектеген жана куугунтукка кабылып, 1976-жылы кошуна Пакистанга качкан.

1978-жылы Ооганстанда революция болуп, шах бийликтен кулатылганда, ага каршы чыккан, советтик оккупация учурунда СССР аскерлерине каршы күрөшкөн жана Маскөө президент кылып калтырып кеткен Нажибулла 1992-жылы бийликтен кулаганда, Ооганстандын президенти болуп шайланып, 1996-жылы бийликке талибдер келгенге чейин өлкөнү башкарган. Бийликтен четтетилгенден кийин талибдерге каршы согушуп келген.

XS
SM
MD
LG