"Новая Газетанын" кабарчысы киши колдуу болгонуна бүгүн туура алты ай толду. Ал Чеченстандагы мыйзам бузуулар тууралуу арбын жазган журналист эле. Аны 2006-жылдын 7-октябрында Москвада үйүн жанынан атып кетишкен. Маркумду эскерүү митингине 300дөй адам чогулду. Оппозициядагы "Яблоко" партиясынын лидери Григорий Явлинский өз сөзүндө бул кылмыштын бетин ачуу үчүн азыр өлкөдө саясий эрктин жоктугун бегиледи.