Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:34

МИТИНГ АКЦИЯЛАР ӨЛКӨНҮ КАПТАДЫ


Президенттин кызматтан кетүүсүн жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган митингдер бүгүндөн тарта өлкөнүн түндүк аймактарында текши башталды. Бул туурасында «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» Бириккен фронттун штабы кабарлады. Саат он бирде Каракол шаарында Бириккен фронтту колдогондор митинг башташты. Облустук администрациянын алдында башталган акцияга миңден ашуун адам катышууда. “Микрофон, үн күчөткүч аппаратура салынган автоунааны өткөрбөй, бийлик тоскоолдук жасады. Губернатор менен сүйлөшүүдөн кийин бул маселе чечиле турган болду”,- деп билдирди парламенттин төрагасынын орун басары Эркинбек Алымбеков. Бир эле учурда Кочкор айылынын Орозбаков көчөсүндө жайгашкан Бириккен фронттун штабынын жанына митингге катышуу үчүн эки жүзгө чукул адам чогулушту. Айылдардан да адамдар келүүдө. Бул тууралуу “Эр айдоочу” укук коргоо уюмунун жетекчиси Качкын Булатов “Азаттыкка” билдирди.Атбашыдагы да митинг башталып, ага эки жүзгө чукул адам катышууда. Райондук администрациянын жанында өтүп жаткан митингди Бириккен фронттун облустагы штабы менен жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттары уюштурушкан. Алар Бириккен фронттун талаптарын колдоп, өлкөдө Конституциялык реформа жүргүзүү, системаны өзгөртүү керектигин айтышууда. Талас шаарында таң эртеңден бери митинг өткөрүү үчүн камылга кызуу жүрүүдө. Дубандагы кабарчыбыздын маалыматына караганда, облакимчиликтин алдына маңдайына алты боз үй тигилип, митингге катышабыз деп каттоодон өткөндөрдүн саны үч жүзгө жетти. Бул жакта митинг саат 12.00 дө башталууга тийиш (сүрөттө). Чүй областынан Байтик айылы жана Кемин шаарчасында саат 12:00дө митинг башталат. Кеминде төрт боз үй тигилген. Ал эми Байтик айылында бир боз үй тигилип жатат. Миңдеген калың эл катышкан чоң митинг Бишкекте 11-апрелде болгон жатат. Азыр бул митингге катышуу үчүн жер-жерлерден адамдар борбор шаарга топ-топ болуп келе баштаганы айтылууда. Ошол эле учурда чагымчылык аракеттери болуп кагылышуу чыгып кетет деп чочулап Бириккен фронт түштүк аймактарындагы митинг акцияларын токтотконун жарыялады. (SM)

XS
SM
MD
LG