Коомдук өкмөттүн төрагасы Амангелди Муралиев өлкөдө түзүлгөн оор кырдаалдан чыгуу боюнча эки сунушту жолдоду. Биринчиси-президент Курманбек Бакиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүүсү. Экинчиси-президент бардык саясий күчтөрдүн өкүлдөрүнөн турган реформалык өкмөт түзүүсү зарыл. Муралиевдин айтымында, бириккен фронттун “президент тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берсин” деген талабы туура эмес, бардык маселе мыйзамдын чегинде чечилүүсү керек. (AJ)