Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы мусулмандар жамаатынын өкүлдөрү, дин иликтөөчүлөр ислам динине жамынып алып 11-апрелде боло турган митингге катышууга жана исламды саясатка аралаштырууга каршы экенин билдиришти. Алар бийлик менен оппозицияны талаштуу маселелерди тегерек үстөл четинде отуруп, кеңешип чечүүсүн өтүнүштү. Саясат иликтөөчү Кадыр Маликовдун айтуусунда митинг учурунда түрдүү чагым иштери болуп, ар кандай күчтөр элди өз кызыкчылыгына колдонууга, кырдаалды курчутуп жиберүүгө аракет жасашы мүмкүн. “Алардын ичинде “Хизб-ут-Тахрир” сыяктуу экстремисттик партиялар да болушу мүмкүн”,- дейт Кадыр Маликов. (ZK)