Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

ТАЛАПТАР ТОЛУК АТКАРЫЛМАЙЫНЧА ТАЛАСТА МИТИНГ ТОКТОБОЙТ


Талас облустук акимчиликтин маңдайына бүгүн “Кыргызстандын кең келечеги үчүн” Бириккен фронттун өкүлдөрү алты бозүй тигип, тынчтык митингин өткөрүшүүдө. Ачкачылык кармап отурган төрт аялга дагы бир аял келип кошулду. Фронттун лидери Акмат Дооронбеков антимитинг өткөрүүгө киишилерди топтоп жатат деп губернаторду сынга алды.

Талас шаарынын борбордук аянтына 800гө жакын адам митингге чыгышты. Фронттун лидерлери аянттын ортосуна трибуна орнотушуп, алгачкы сөздү Талас шаарынын тургуну Жусуп Бейшенов аксакалга узатышты.

- Ушул бизге иштеп бере турган мезгили. Олку-солку болуп турган өкмөткө, жеп-ичип аткан бийликке баш ийбей элге таяныш керек. Ушул эл кайра эле көтөрүп алат. Байымбет элине таянсын, бийликке таяныштын эч кажети жок. Байымбет мырза Таластын элин экиге бөлбөсүн, - деп облустук бийлик башчысын сындап кетти Жусуп Бейшенов.

Таластагы Бириккен фронттун штабын жетектеген Акмат Доронбеков облустук губернатор туугандарын чакырып антимитинг өткөргөнү жатат деген маалыматты Азаттыкка билдирди:

- Биздин Талас жергебизде 200дөн ашык адам топтолгон. Өзүм барып келдим. Губернаторубуз өзүнө поддержка издеп, туугандарын алып келиптир. Эгерде мындай тууганчылыкка кете берсе, кыргыз эли түндүк-түштүк эмес азыр бөлүнүп турган, ар бир айыл бөлүнүп кетчүдөй акыбалда туруп атабыз, - деди Акмат Доронбеков.

Ал эми губернатор Байымбет Мураталиев соңку беш-алты күндөн бери эч кандай антимитинг болгон эместигин белгилеп, айтылган дооматтарды четке какты.

Бүгүн ачкачылык жарыялап отурган төрт аялдын катарына Бакайата районунан келген Рысбүбү Боронбаева айым келип кошулду:

- Бакиев менен Куловдун тандеми бузулган үчүн келип кошулуп атам. Кулов мейли деп макул болду эле, ошого Бакиев жооп бере алган жок. Өзү эч нерсеге жооп бере албаган адам экен. Анын бул жерге отурушунун пайдасы да жок болуп калды. Кыргызстанга кереги жок болгондон кийин анын кимге кереги бар? Жалгыз өзүнүн бийлиги, байлыгы үчүнбү, же бала-чакасын коргоп калышы үчүнбү? -деди Рысбүбү Боронбаева.

Дарыгер Токтокан Барпыбекованын айтымында, ачкачылык кармап отургандардын ден соолуктары түзүк эле, кан басымдары, температулары да норманын деңгээлинде.

Фронттун лидерлери Таласта митинг талаптар толугу менен аткарылмайынча токтобой тургандыгын жана Бишкектеги «Фронттун» башкы штабынан буйрук болсо таластык митингчилерден өкүлдөрдү Бишкекке алып барышаарын айтышты.

XS
SM
MD
LG