11-апрелде Бишкекте боло турган иш чарада радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайлардын проблемалары талкууланат. Ага премьер-министр А.Атамбаев, өзгөчө кырдаалдар министри Т.Жунушалиев, депутаттар жана окумуштуулар катышат. Ал эми 12-апрелде жергиликтүү окумуштуулар БУУ, Азия Өнүктүрүү Банкы жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бирге Миң-Куш айылына барышат. Ал жерден калдыктарды сактоочу жайлардын абалы менен таанышат.
Бул тууралуу “Азаттыка” өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Алишер Ташматов билдирди.(AiJu)
Бул тууралуу “Азаттыка” өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Алишер Ташматов билдирди.(AiJu)