Бүгүн «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронту уюштуруп жаткан митинг УТРКга чейин жөө жүрүш жасап келишти. Алар өкмөт үйүнүн жанына келгенде он беш чакты бала келип, жаңжал чыгарууга аракет кылышкан. «Азаттыктын» кабарчысы билдиргенге караганда алардын төртөө кармалып, Бириккен фронттун коопсуздук кызматы тарабынан штабга алынып келинген. Калгандары «Россия» кинотеатры тарапты көздөй качышкан. Митингчилерге Ички иштер министри Болот Ногойбаев чыгып, бул жаңжал териштирилерин айтканы менен аны көпчүлүк укпай, Бириккен фронттун мүчөлөрү ага ишенбей тургандыгын билдиришти. Ошентсе да министр бул адамдардын жасаган иш-аракеттерин милиция териштириши керектигин айткан. Бириккен фронттун мүчөлөрү түндө да чагым чыгып кетпейби деп чочулашууда. (IJz)