Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:04

БИР ЫРДЫН ТАРЫХЫ: “ОЙ-ДАЙ”


Элдик ырлар-бул жандуу, көркөм боёкко, чындыкка жуурулушкан, калктын бүтүндөй турмушун таасын баяндаган чыныгы элдик тарых. Кыргыз элинде да калктын чыныгы тарыхына айланган ондогон элдик ырлары кылымдарды кыдыра ооздон-оозго көчө ырдалып келүүдө. Бирок, алардын көбүнүн авторлору такталбай, болсо да айтылбай көз жаздымда калууда. Кабырчыбыз Балбай Алагушов элдик делип жүргөн “Ойдай” аттуу ырдын автору ким, ал ырды кандай жагдайда чыгарганы жөнүндө баяндамакчы.

Туз буюруп 1973-жылдын толукшуган жай айында Балыкчы шаарында Бакыт аттуу жигиттин үйүндө мейман болуп калдым. Чайдын астында үй ээси меймандарды тааныштырып калды. Ошондо үйдүн ээси төрдө отурган ак жоолукчан нур жүздүү балпайган апаны:

- Билгендер билбегендер бар. Бул энебиз эл оозунда ырдалып жүргөн кадимки “Ойдай” аттуу ырды чыгарган. Ошондуктан “Ойдай” апа дейбиз. Өз аты Султанбүбү, бир топ жашка барып калды. Жакшылап сурансаңар “Ойдайды” ырдап берет – деп тааныштырды.

Чай ичип бүткөндөн кийин Султанбүбү ападан “Ойдай” аттуу ырыңызды кимге, эмнеге арнап чыгардыңыз эле, айтып берсеңиз”- деп отургандар жабыла сурап калдык. Ошондо апа:

- Эми балдарым “Ойдайдын” жайын сурап калыптырсыңар айтса айтып берейин. 85-жаштамын. Атым Султанбүбү, атамдын аты Акынбек. Бир ата-энеден беш кыз, эки эркек элек. Алардын эң кенжеси, эркеси мен элем. Бой тарканда атам бешикте кезимде кудалаган Алгожо деген кишиге күйөөгө берди. Ал кезде ата-энеңдин айтканы айтканы, күйөө тандамай, чанмай деген жок. Ачыгын айтсам Алгожо мага такыр жакпады. Анан айлам кетип, аргам түгөнгөндө:



Кызыл-кызыл козунун



Көрпөсү элем Ойдай,



Кыз да болсом бир үйдүн ,



Эркеси элем Ойдай.



Эркеликке койгон жок,



Малга сатты Ойдай.



Мал катары сатылып,



Жем болгонмун Ойдай.



Тең курбума жете албай,



Кем болгонмун Ойдай,



Кар болгонмун Ойдай,



Кадырлашка жете албай,



Зар болгонмун Ойдай.



Кайгы түшүп башыма,



Дал болгонмун Ойдай.



Бийик тоонун башында,



Кар болгонмун Ойдай.




Билгениме жете албай,



Зар болгонмун Ойдай.



Дилиминен ажырап,



Дал болгонмун Ойдай.



Карагайдын ичинде,



Каман экен Ойдай.



Кадырлашка жете албай,



Жаман экен Ойдай.



Каз бөйрөктөн кетпеди,



Таянган кол Ойдай.



Биздин айыл сурасаң,



Ылдыйында Ойдай.



Жибек чалып боо тагам,



Тупатуура көңүлүң,



Менде болсо Ойдай.



Бийик жаздын башынан,



Ыргыйынбы Ойдай - деп зар ката баардык күчүмдү ырымдан чыгардым.

Ыйлап жүрдүм. Алкожо угуп алып аябай сабады. Андан көрбөгөндөрдү көрүп, тартпаган азаптарды тартып жүрүп, беш жылдан кийин бошондум. Бул менин “Ойдайым” өткөн заманда жашап өтүшкөн мен өңдөнгөн өз сүйгөнүнө, өз теңине жетпей калган, кыргыз кыздарынын арманы, муңу эле, деди муңкана Султанбүбу апа.

Ошентип элдик делип келген “Ойдай” аттуу ырдын ээси-автору менен таанышкан күн, ар дайым көз алдыма элестеп, ырдын “Ойдайдын” обону, сөздөрү кулагыма таңшып келет.
XS
SM
MD
LG