Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев баштаган жумушчу топ иштеп чыккан конституция долбоорун президент 10-апрелде парламентке сунуштаган. Бул долбоорду караган Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети өткөн жума күнү «Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндө» мыйзам боюнча чечим кабыл алып, корутунду алуу үчүн долбоорду конституциялык сотко жөнөткөн. (SM)
8:17 Жогорку Кеңеште бүгүн конституциянын өзгөртүлгөн долбоорун кароо күн тартибине киргизилиши ыктымал