- Бектемир Акуновдун сөөгүн алдын ала иликтөөлөр анын денесинде кандайдыр күч колдонуунун изи калгандыгын аныктаптыр. Бир жумадан кийин анализ толугу менен чыгарылат. Ал эми сиз облустун башчысы катары ушул алдын ала анализдерге эмене деген пикириңизди айтаар элеңиз?
- Менин айтаарым, атайын комиссия иштеп атат. Бул тармактын адиси болбогонумдан кийин комиссиянын жыйынтыгына макул болом.
- Бул жерде кабарларда айтылып атат, Бектемир Акунов бийликтин курмандыгы болгон, буга күч колдонгон деп. Сиз өзүңүздүн жоопкерчилигиңизди жана милиция кызматкерлеринин жоопкерчилиги деп болжоп туралы, сезесизби?
- Мен так айтышым керек, эгерде каза болгон адам менен жолугуп, же бийликтин адамдары менен жолугуп туруп анан каза болгон болсо, анда биз күнөөлүбүз деп эсептейт элек. Мен өзүм да, шаар башчысы да ал киши менен жолугушкан жок. Ошондуктан бул укук коргоо органдарынын ортосунда болгон нерсе деп эсептейм. Муну сөзсүз түрдө кызматтык иликтөө жүргүзүп, андан кийин гана кимдин күнөөсү канча экенин так айта алам.
- Буга чейин келген маалыматтарда алдын ала милиция кызматкерлери сабап кетиптир деген маалымат болду. Милициядан буга кандайдыр бир реакция болдубу. Милиция кызматкерлери буга эмне деп жатышат?
- Милиция кызматкерлеринин мага берген докладдары боюнча бул адамга эч кандай күч колдонулган эмес.
- Ал эми курман болгон Акуновдун апасы айтыптыр, менин уулум эч качан бирөөгө кол салбайт эле, аны милиция кызматкерлери сабап кеткен өңдүү деп. Буга эмне дээр элеңиз?
- Эненин сөзүн мен кантип жокко чыгара алам, бул үй-бүлөнүн трагедиясы. Менин бир гана ичимде турган кайгым ушул: Бир үй-бүлөнүн трагедиясы саясий оттенок берип атканына капа болуп турам.
- Бул бир четинен, экинчи четинен саясий ачкачылыкка катышкан кишини сөзсүз эле түрмөгө камаш керек беле. Мисалы 6-7 күн бою тамак жебеген кишини түрмөгө камап жазалаш керек беле, же аны кандайдыр бир эскертүү берип, же башка жаза чарасын колдонуп коё беришсе талапка ылайык болор беле? Мүмкүн анда мындай нерсе болбой калар эле?
- Биринчиден, бул окуянын башталышы алтынчы күнү 14-апрелде кечки саат 20да болуп атат. Ошондуктан милиция органдары деле аныктаганга чейин кармаган. Экинчиден, мамлекеттик кызматта иштегендердин бирөөсү менен дагы жолугушуу болгон эмес. Ошол себептен ички иштер органдар тактаганга чейин кармап турганга аракет кылышкан. Эртеси күнү базар күн болгондуктан эч ким менен жолугушуу болбой калды да.
- Маегиңизге ырахмат.