Астанада бүгүн Евразия Экономикалык Шериктештигинин мамлекеттер аралык кеңешинин кезектеги жыйыны башталат. Ага катышуу үчүн Кыргызстандын премьер-министри Алмаз Атамбаев кечээ Астанага жөнөп кеткен. Жыйында ондон ашуун маселе каралып, анын ичинде Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жөнүндөгү концепциянын долбоору да талкууга алынат. Алмаз Атамбаев бул сапардын алкагында Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен да жолугушмакчы. (SM)