Анын визити мурда жарыяланган эмес. Мунун алдында Багдадда бүгүн жанкечти айдаган автоунаанын жарылуусунан кеминде 10 адам каза таап, дагы 20дайы жаракат алды. Окуя Багдаддын көбүнесе шийттер жашаган районунда болду. Жанкечти айдаган автоунаа күйүүчү май тарткан машинени сүзгөн. Ал эми кечээ бири экинчисине удааа ишке ашырылган жардыруулардан Багдадда 200дөй кишинин өмүрү кыйылган эле. Бул -быйыл февралда АКШ жана ирак аскерлери Багдаддда коопсуздук орнотуу опреациясын баштагандан бери бир күндө орун алган эң ири кыянатчылык болду.