ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда учурда милиция кызматкерлери митингчилерден бошогон аянттагы бозүй, палаткаларды чечип, унааларга жүктөп кете башташты. Мындан бир канча саат мурда акүйдүн алдында милиция кызматкерлери менен митингчилердин ортосунда жаңжал чыгып, милиция көздөн жаш чыгаруучу газ колдонуп, аянтта турган элди да «Эркиндик» гүлбагын карай сүрүп чыгарган.(IJz)