Улуттук университеттин профессордук-окутуучулар жамааты билдирүү таркатып, Бириккен фронттун Бишкекте уюштуруп жаткан митинг акцияларына чечкиндүү каршы экенин жарыя кылды. Билдирүүдө митингдер демократиялык чектен ашып, аны уюштургандар коркутуп үркүтүү, чагым жасоо, адамдарды сатып алуу жолуна түштү деп айтылат. Өлкөнүн борборунда турмуштун көндүм ыргагы бузулуп, шаар кызматтарынын, транспорттун, коммуналдык кызматтын ишине чоң тоскоолдук болууда. Билдирүүдө ошондой эле митинг акциялар шаардыктардын жүрөгүнө бүлүк салып, көп ата-энелер балдарын окууга жибербей жатканы айтылат. Бириккен фронт жогорку окуу жайлардагы интеллигенцияны жана студенттерди өзү жакка тартуу аракеттерин көргөн, бирок улуттук университеттин жамааты саясий жаатташууларга чакырган азгырыктарды чечкиндүү четке кагарын билдирген. (KCh)