Министр Болотбек Ногойбаев 19-апрелде кечинде Акүй алдында милиция кызматкерлерине карай митингчилер тарабынан таш, бөтөлкө ыргытуулар башталганын билдирип, анын учурунда бир милиция кызматкеринин көзүнө таш тийип, эс-учун жоготкон. Андан кийин мен сүйлөшүү үчүн митингчилер алдына бардым, ал учурда мени барымтага алуу аракети болду. Таш уруулар улантылды. Мына ошондо биз митингчилер карай жылып, көздөн жаш чыгарчу газды пайдалана баштадык, деп айтты министр. (AiT)