Бүгүн президенттик орунга талапкерлер акыркы митингдерин өткөрүшөт. Шайлоонун биринчи айлампасы жекшемби күнү өтөт. Калк арасындагы сурамжылоолордун акыркы жыйынтыктарына караганда, франциялыктардын 29 пайызы мурдагы ички иштер министри жана бийликтеги оңчул партиянын өкүлү Николя Саркозини колдойт. Калктын 25 пайызы социалист Сеголен Руаяль үчүн добуш берүүгө даяр. Орточул Франсуа Байруну франциялыктардын 12 пайызы колдойт. Анткен менен элдин жарымынан көбү кимге добуш берерин чече элек. Эгерде жекшембиде талапкерлердин бирөө да шайлоочулардын көпчүлүк добушун албаса, 6-май күнү шайлоонун экинчиси айлампасы өтөт.