Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:42

24-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1952-жылы СССР Министрлер Кеңеши «Кыргыз ССРинин мал чарбасын өнүктүрүү» Токтомун кабыл алган. Шериктештик өлкөлөрү менен Кытай чекарасындагы куралдуу күчтөрдү кыскартуу келишимине кол коюлган.

Aлайлык кыргыздар 1876-жылы орус бийлигине каршы чыгып, Абдылдабек баштаган Валихан төрө, Сулайман-удайчилер 1500 жигит менен Гүлчөдөн 25 чакырым узактыктагы Жаңырык капчыгайындагы ашууну ээлеп алышкан. Кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратканын туйган генерал М.Д.Скобелев козголоңду басыш үчүн 1876-жылдын 24-апрелинде аскер баштап Гүлчөгө жөнөгөн.

Кыргыз аэроклубунун курсанттары 1939-жылдын 24-апрелинде биринчи жолу абага көтөрүлүштү. У-2 тибиндеги самолетту аэроклубунун курсанттары башкарып, алар борбор шаардын орун алышы менен куш учкан бийиктиктен таанышууга мүмкүндүк алышты.

СССР Министрлер Кеңеши 1952-жылы «Кыргыз ССРинин мал чарбасын өнүктүрүү» Токтомун кабыл алды. Мындан тышкаары, «Кыргыз ССРинин айыл чарбасына жардам көрсөтүү» деп аталган Токтомго ылайык, республикада сарай, кашарлар курулуп, жер иштетүү үчүн 13 МТС уюшулган жана колхоз чарбалары техникалар менен жабдыла баштаган.

Москва шаарында 1997-жылдын бу күнү Россия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан президенттери: Борис Ельцин, Аскар Акаев, Нурсултан Назарбаев, Эмомали Рахманов жана Кытай Элдик Республикасынын Председатели Цзян Цзэминь Шериктештик өлкөлөрү менен Кытай чекарасындагы куралдуу күчтөрдү кыскартуу келишимине кол коюшту. Мындан тышкаары, келишимде беш өлкөнүн бири-бирине кол салбоо кепилдиги каралган.

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны 2003-жылдын 24-апрелинде «Мунапыс тууралуу» мыйзам кабыл алды. Мыйзам Кыргыз Конституциясынын 10 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып, ага ылайык 786 адам түрмөдөн бошотулуп, 15 миң адамдын жаза мөөнөтү азайтылган.

Бу күн жаштар биримдигинин Эларалык күнү катары белгилинет. Майрам максаты жаштар проблемасына мамлекеттик органдар менен коомчулук жана маалымдоо каражаттарынын көңүлүн бурууга багытталган.

24-апрель астрономдордун Эларалык күнү катары белгиленип, бу күндү байыркы вавилондуктар жаңы жыл майрамы катары тосушкан.
XS
SM
MD
LG